ТИМ: Пакистанда 57 жаштагы кыргызстандык дааватчыдан коронавирус аныкталды

1353

Пакистанга 4 киши менен дааватка барган кыргызстандык жарандан да коронавирус аныкталды. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты. Бейтап 57 жашта. Учурда коронавирус менен ооруган жаран Исламабаддын ооруканасына жаткырылган.

Кыргызстандык жаран 60 жана 42 жаштагы башка төрт адам менен Пакистандын чек ара аймагына дааватка барган. Пакистанга дааватка барган бул жарандар консулдукта каттоодо турган эмес, ошондуктан алар бул маселе боюнча элчиликке кайрылышкан эмес. Аталган окуя Пакистандагы Кыргызстандын элчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.