ТИМ студенттердин визасы боюнча Кытай элчилигине нота жиберди

717

Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин айтымында, виза ала албай жаткандар окууга өз алдынча тапшырган студенттер. Буга чейин элчилик менен бул боюнча сүйлөшүлгөн. Ага ылайык, Билим берүү министрлиги балдардын тизмесин топтоп жөнөтүп, Кытай элчилиги аларга “жашыл коридор” бермек.

Бирок дипломатиялык өкүлчүлүк өз алдынча окууга тапшырган студенттер электрондук кезек менен виза алат деп жатат. Алардын арасында окуусу 30-октябрда баштала турчу студенттер бар. Мындан улам, маселени тезирээк чечүүнү суранып Тышкы иштер министрлиги Кытайдын элчилигине нота жөнөттү.

Маалыматтарга караганда, учурда 50дөй студент виза ала албай кыйналууда.