ТИМ Түркия элчисин өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

693

Жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыр чыккан Орок айылына барганы үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

ТИМ чет өлкөлүк дипломатты Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырып, анын үстүнөн Түркияга нота берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат.

Айылда жабырлануучулардын туугандары чогулган. ИИМдин маалыматы боюнча алар үйлөрдүн бириндеги жыйылып турган чөптү өрттөп, 12 тамдын, короодо токтоп турган автоунаалардын терезелерин сындырышкан.

Окуя болгон жерге Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Журналисттер менен болгон маегинде элчи өзү аталган кыштакта элчиликтин кызматкери жашай турганын, аны алып кетүүгө келгенин айткан. Бирок социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары анын аракетин өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары сыпаттады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.