Тимошенко президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

901

Украиналык оппозициячыл саясатчы Юлия Тимошенко президенттикке талапкерлигин коюуну пландап жатканын билдирди. 2019-жылы өтө турган шайлоодо ал учурдагы мамлекет башчы Петр Порошенкого атаандаш болушу мүмкүн.

Тимошенко 20-июнда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу президенттикке Украинаны «ирдентүү», өлкөгө «реалдуу өзгөрүүлөрдү» алып келүү үчүн бара турганын айтты.

Ал эгер президенттикке шайланса, Конституциянын жаңы долбоорун сунуштап, аны референдумга алып чыгарын, 2019-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык өтүүсү керектигин кошумчалады. Ошондой эле ал Крымды жана Украинанын чыгыш аймактарын Киевдин көзөмөлүнө алып келүү үчүн күрөшүн токтотпой турганын кошумчалады.

«Батькивщина» партиясынын лидери, 57 жаштагы Тимошенко буга чейин 2014-жылкы шайлоодо азыркы президент Петро Порошенкого, 2010-жылы мурдагы президент Виктор Януковичке утулган.

2007-2010-жылдары премьер-министр болуп, 2010-жылы Януковичтин бийлиги учурунда мамлекетке экономикалык зыян келтирди деген айып менен түрмөгө кесилген.

Эл аралык коомчулук анын соттолушун саясий жүйөсү бар иш катары кабыл алган. 2014-жылы Янукович бийликтен четтетилгенде абактан чыгып, кийин партиясы менен парламентке келген.