Тиричилик буюму барларга эмне үчүн жөлөк пул берилбей жатат? (видео)

7068

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулду айрым көп балалуу энелер ала албай жатышат. Алар социалдык кызматкерлерге кайрылышканда, текшерүү учурунда үйдөгү телевизор, муздаткыч, кийим тигүүчү машина жана унааларын көрүп пособие чегерүүдөн баш тартышкан.

Мындан улам коомчулукта социалдык кызматкерлерге карата түрдүү сын пикирлер күчөдү. Ал ортодо айрым коомдук уюмдар кымбатчылыкка байланыштуу жөлөк пулдун өлчөмүн кайра карап чыгууну сунушташууда. Аны аныктаган коэффициентти, бир айлык жашоо минимумунун көрсөткүчү менен теңештирүү зарыл дешет. Болбосо, бир балага чегерилген 810 сом менен бир ай жашоого мүмкүн эмес.