Тирүү түйүлдүктү өлүк деп дары саткан дарыгерге чара көрүлөбү? (видео)

1746

Кош бойлуу келиндерди коркутуп, бойдон түшүрүүчү кымбат дарыларды сатып ичүүгө мажбурлаган дарыгерлер боюнча комиссия түзүлдү. Бул ишти вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жеке көзөмөлүнө алды. НТС телеканалынын «ТВ Кайгуул» берүүсүнүн алкагында бир айдан бери жүргүзүлгөн иликтөө жарыяланды.

Балыкчы шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген УЗИ кызматкери көрүнгөнү келген кош бойлуу келиндердин курсагындагы тирүү түйүлдүктү өлүк деп, кытай жазуулары бар дарыларды сатып келген. Бул препараттар дарыканаларда жок, аны жайма базарлардан гана табууга болот. Журналисттик иликтөө чыгаары менен тиешелүү мамлекеттик органдар ордунан кыймылдай баштады. Бирок жыйынтык чыгаарына ишенүү кыйын.