Тогу-Тородогу башаламандык боюнча 15 киши кармалды (видео)

1627

Жалал-Абал областынын Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 адам кармалды. Эске салсак, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясына чыгышып, курулуп жаткан имараттарды өрттөп, ишкана тарапка таш ыргытышкан. Бул боюнча «бейбаштык», «массалык башаламандык» жана «бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал арада 100дөй адам Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгып, башаламандыкты уюштургандар кармалбай эле, жөнөкөй айыл тургундары кармалып жатат, дешүүдө. Ушундай эле митинг Тогуз-Торо районунда да болуп өттү.