Тогуз-Торо районунда абал кайрадан курчуду

861

Бүгүн жүзгө жакын жергиликтүү тургун алтын чайкаган фабриканын курулушуна каршы митингге чыгып, атчан баргандары дубалды талкалап киришкен. Алар аймакка заводдун салынышына караманча каршы болушууда. Анткени экологияга зыян келет деп кооптонуп жатканын айтышат.

Жергиликтүү тургундар буга чейин да эки жолу нааразычылык акциясына чыгып, фабриканын курулушун токтотушкан. Бирок завод салынып жатат деген маалымат түшүп, бүгүн тургундар кайрадан чогулушту.

Белгилей кетсек, бул жакка кытайлыктар менен кыргызстандыктар биргелешип түзгөн компания алтын чайкоочу фабрика сала баштаган. Казармандыктар каршы чыккандыктан, азырынча курулушу токтоп турат.