Тогуз-Торо районунда жоголгон чабандардын сөөгү табылды

928

Тогуз-Торо районунда он күндөн бери изделип жаткан чабандардын сөөгү табылды. Алар кар астында калышкан. Бирдик айылынын тургундары, 41 жана 28 жаштагы эки чабан мал издеп кеткен бойдон дайынсыз жоголушкан.

Алар менен кеткен дагы бир адам үч күн мурда кайтып келип, калган экөө адашып кеткенин айткан. Издөө иштерине отуздан ашык жергиликтүү тургун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт куткаруучусу тартылган.