Тогуз-Тородо тоо текелерин аткан мыйзамсыз аңчыларга кылмыш иши козголду

565

Тогуз-Тородо тоо текелерин атып, этин автоунаа менен ташып бараткан мыйзамсыз аңчылар кармалды.

Тартип сакчылары ыкчам маалыматтын негизинде, Казарман айылында токтоп турган «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунааны тинтүүгө алганда, 3 тоо текенин эти, курал-жарактардын түрлөрү табылган.

Бул фактыга байланыштуу мыйзамсыз аңчылык беренеси менен кылмыш иши козголду. Эки адам шектүү катары өтүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.