Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу 15 киши кармалды

773

Жалал-Абал областынын Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 адам кармалды. Ички иштер министрлиги кабарлагандай, бул фактыга байланыштуу 130дан ашуун киши суракка алынган.

Учурда айыбы угузулгандар гана кармалып жатыптыр. Мындан улам, алардын саны, жашы жана кимдер экени кошумча такталат экен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кармалгандардын арасында 3 аял бар.

Эске салсак, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Буга аталган компаниянын экологиялык экспертизасы жок эле курулуш иштерин улантып жатканы себеп болгон. Нааразычылык акциясы башаламандыкка айланып, курулуп жаткан имараттар өрттөлүп, топтолгон эл ишкана тарапка таш ыргыткан.

Бул боюнча «бейбаштык», «массалык башаламандык» жана «бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.