Тогуз-Тородогу башаламандыктын артында кайсы “каралар” турат? (видео)

863

Тогуз-Тородогу окуяга байланыштуу «бейбаштык», «бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу» жана «массалык башаламандык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кечээ күнү бул жактагы алтын чайкаган фабрикага коюлган өрттөн «Джи Эл Макмал Девелопмент» компаниясына таандык эки «КамАЗ», эки экскаватор, бир автокран, эки контейнер, бир административдик жана беш өндүрүштүк имарат күйүп кеткен. Жергиликтүү тургундар алтын чайкаган заводго каршы чыгууда. Тогуз-Торолуктардын айтымында, ишканадан чыккан уу калдыктар экологияга зыянын тийгизип жатат. Кечээ күнкү окуядан кийин райондун акими Тилек Идирисовду жумуштан алынды. Учурда аймакта абал туруктуу. Ал жактагы кырдаал боюнча бүгүн парламентте бир нече депутат билдирүү жасап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөн аткаминерлерди жазалоону талап кылышты.