Тогуз-Тородогу башаламандыктын артында кимдер турат? (видео)

1001

Тогуз-Торо районундагы массалык башаламандыкта келтирилген чыгымды эсептөө үчүн эки комиссия иштеп жатат. Алардын ишинин жыйынтыгы менен зыяндын так суммасы аныкталат. Ал эми жапа чеккен жеке компания 1,5 миллион долларлык чыгым келтирилгенин айтууда. Анын ордун ишкерлер мамлекеттин эсебинен жабууну көздөп жатышат. Алар массалык башаламандыкта келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жердин ижара акысынан жана салыктан бошотуу сунушу менен өкмөткө кайрылууну көздөөдө. Өз кезегинде жер казынасын пайдалануу комитетинен чыгымды төлөтүү жөнүндө маселе көтөрүү азырынча эртелик кылаарын билдиришти.