Тогуз-Торолуктар калыстыкты талап кылууда (видео)

688

Тогуз-Торонун тургундары нааразылык акциясын улантууда. Макмал алтын кениндеги башаламандыктан кийин камакка алынгандардын жакындары калыс чечим чыгарууну талап кылышууда. Эске салсак, жергиликтүү тургундар февраль айында бир нече ирет митингге чыгышкан. Ал эми 11-апрелде массалык башаламандык болуп, алтын чайкоочу ишкананын жаңы курулуп жаткан имараты жана инвесторлордун техникалык жабдыктары өрттөнүп кеткен. Чет элдик ишкерлер бул ишканага 30 миллион доллар бөлүп, баштапкы төлөм катары 10 миллион доллар берилген. Комбинаттын жетекчилиги башаламандыктын натыйжасында келтирилген чыгым 600 миллион долларга жеткенин айтууда. Ал эми Кытай элчилиги иштин тыкыр иликтенишин талап кылган нота жөнөткөн. Бирок жергиликтүү тургундар мындай айыптоолорго макул эмес. Алар иштин калыс тергелишин талап кылышууда.