Тогуз-Торонун 50дөй тургуну Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты

765

Алар аймакка курулуп баштаган алтын чайкоочу комбинаттын ишин токтотууга жана башаламандыкка шектелип кармалгандарды бошотууну талап кылышууда. Ушундай эле нааразычылык акциясы Тогуз-Торо районунун борборунда да 200дөй адамдын катышуусунда өтүп жатат.

Маалыматтарга караганда чогулгандар башаламандыкты уюштургандар кармалбай эле катардагы жөн жарандар кармалды деп ачуулануушуда. Ошондой эле, камалгандардын арасындагы аялдардын биринин эки айлык баласы бар экени маалым болду.