Той-мааракелерди токтотууга кайсы депутаттар каршы? (видео)

708

Мамлекеттик деңгээлдеги маараке-тойлорду өткөрүүгө жылына мамлекеттик бюджеттен 5 миллион сомдон ашуун каражат коротулат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ар бир той өткөрүүгө канча каражат кетээрин эсептеп чыгып, ушундай жыйынтыкка келген. Пайдасыз, өлкө бюджетин ашыкча чыгымга дуушар кылган тойлорго тыюу салган мыйзам долбооруна айрым депутаттар каршы экени маалым болду.

Парламентте 2019-жылдын бюджети каралып жатканда, маараке өткөрүү үчүн мамлекеттен каражат бөлүүгө тыюу салган беренени алып таштоого 80ден ашуун депутат добуш берди. Демек, быйыл планга кирген мааракелерди өткөрбөй коюуга мүмкүн эмес.