Той өткөргөн ресторандар айыпка тартыла баштады (видео)

1546

Өкмөт той-топурларга тыюу салганына карабай айрым ресторандарда массалык иш-чаралар уланууда. Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде 200 коноктун катышуусундагы үлпөт той өткөнү белгилүү болуп, санитардык-эпидемиологиялык кызматы ресторан ээсин 13 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыкты. Атайын рейддер уюштурулуп, тойкана-ресторандар текшериле баштайт.

Ал арада, баш ийбей жаткандарга чараларды күчөтүү керек деген да сунуштар айтылууда. Себеби бир адамдын жоопкерсиздигинин кесепетинен эле жаңы типтеги вирустун жайылып кетүү коркунучу күч.