Тойдогу кыйшаңдап бийлеген келиндер, ойдон чыгарылган «салттар» (видео)

1122

Баткен областынын Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн тургундары тойлордо ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча жыйын өткөрүп, анда бир нече эрежелер кабыл алынды. Анда дасторкон даярдап баруу, чак келсе-келбесе деле арзан кийит кийгизип, жоолук салуу, белекке эмерек берүү сыяктуу көрүнүштөргө чек коюу тууралуу айтылган.

Мындай демилге өлкөдө алгачкы ирет көтөрүлүп жаткан жок. Ош областынын Сузак районундагы Кыз-Көл айыл өкмөтүндө дагы 2 жылдан бери ушундай эреже иштеп келет. Эми бул демилгени бүтүндөй Сузак районуна жайылтуу аракеттери көрүлүп жатыптыр. Той-аштардагы ысырапкорчулукту токтотуу боюнча мындай саамалыкты көпчүлүк жактырып, колдоп жатат.