Тойдон келе жатып көз жумган 1 үй бүлөнүн 6 мүчөсү жерге берилди (видео)

1057

Чүйдө жол кырсыгынан каза болгон бир үй бүлөнүн 6 мүчөсү жерге берилди. Алар Ысык-Ата районунун Нурмамбет айылынын тургундары болгон. Каргашалуу окуя 19-декабрда кечки саат ондор чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында катталган. Анда “Фольксваген Венто” менен “Kиа 5” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Маалыматтарга караганда, “Фольксваген Венто” машинасынын айдоочусу карама-каршы тилке менен айдаган. Ошол маалда бет маңдай келе жаткан “Киа 5” үлгүсүндөгү унаа менен бетме-бет кагышкан. Авариянын кесепетинен баш-аягы 8 адам каза болгон.