“Тойго камыныңыз”. Айзаданын апасын шылдыңдаган тергөөчү ким? (видео)

2764

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча милиционерлерге карата кылмыш иши козголду. Бишкек шаардык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен шалаакылык беренеси боюнча соттук-өндүрүш иши ачылып, тергөө жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.

Анын жыйынтыгы менен Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине укуктук баа берилет деп күтүлүүдө. Ал эми Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын териштирүүсүнүн жыйынтыгы коомчулукка жарыяланары убадаланган. Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча канча адам жазага тартылышы мүмкүн?