Тойлордо патенти жок иштеген 44 тамадага чара көрүлдү

1108

Салык кызматы тойду тейлеген 100дөн ашык жаран салык мыйзамдарын бузганын аныктады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 44 тамада, 36 сүрөтчү, 6 музыкант, 13 видеого оператор жана 10 бий тобу уруксат берүүчү документтери, тактап айтканда ыктыярдуу патентти жок иштеп жүрүшкөн. Салык мыйзамын бузгандарга карата акт түзүлдү.

Салык кызматы Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Аламүдүн районунда өткөрүлгөн эки айлык рейдде тойдо кызмат көрсөткөн 320 ишкерди текшерүүгө алды.

Салык мыйзамдарын бузгандарды аныктоо үчүн тойлорго рейддер улана бермекчи. Кызмат тарабынан 769,2 миң сомго 211 гана патент берилген. Учурда Кыргызстанда тойлордун сезону.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.