Тойлорду өткөрүүгө чектөөлөр киргизилет (видео)

1209

Ашкере ысырапкорчулук жана той ээлерин түйшүккө салган той-топурлар. Инттелигенция өкүлдөрү Кыргызстанда ысырапкорчулук күчөгөнүнө тынчызданышууда. Колунда барлар гана дүркүрөтө той бербестен, карапайым калк дагы куру намыска алдырып, карызга батып шаан-шөкөт уюштуруп жатат. Мындай тойлор бүтүндөй коомдун көйгөйүнө айланды. Анын үстүнө шаан-шөкөт 6-7 саатка чейин созулуп, бата менен тостун айрымасы билинбей калып, орунсуз ыр-бий, жосунсуз оюн-зооктор менен коштолуда. Бул кыргыздын нукура кадаа-салтына туура келбейт. Мындан улам маданият өкүлдөрү той-топурларга айрым чектөөлөрдү киргизип, майрамдоо убактысын үч саат кылып кыскартууну сунуштап жатышат.