Токаев: Казакстан Ысык-Көлгө электрстанция курат (видео)

2637

Ак-Тилек жана Кара-Суу өткөрмө бекеттеринде кыргыз-казак соода-логистикалык комплекси курулат. Мындай макулдашууга Казакстандын президентинин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгынын алкагында жетишилди. Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу кызматташуу боюнча баш-аягы 13 документке кол коюшту.

Анын ичинде айыл чарба, экономика, билим берүү, маданият, транспорт, юстиция, тышкы иштер министрликтери жана Ош, Ысык-Көл областтарынын жетекчилеринин кызматташуусу да бар. Алсак, Казакстан Ысык-Көл областында күндөн энергия алуу станциясынын курулушун каржылай турган болду. Долбоор 300 миллион доллар деп бааланган.