Төкмө акын казак президентине кайрылуу жолдоду (видео)

819

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ыр менен кайрылуу жолдоду. Анда ал казак эл башчысынан чек ара маселесин оң жагына чечип берүү өтүнүчүн айтат. Ыр саптарында акын боордош элдерде чек ара бөлбөөгө тийиш, хадисте да кербендин жолу тосулбайт деген жүйөөлөрдү келтирген. Акындын мындай билдирүүсү коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Илгертен кыргыз эли уруулар ортосундагы пикир келишпестиктер болсо, ушинтип элдик дипломатия жолу менен жөнгө салып келген, дешет чыгармачыл инсандар. Бул кырдаалда да карапайым эл жабыркабаш үчүн эки тарап маселени эртерээк чечиши керек, дешет кыргыз интеллигенциясы.