Токмок келечекте илимпоздордун шаарына айланышы мүмкүн (видео)

1022

Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин жетекчилиги ушундай пикирде. Жогорку окуу жайдын кызматкерлеринин айтымында, жогорудагы максатты көздөй алгачкы кадам жасалды. Өткөн жума күнү Токмок шаарындагы эски бассейндин аймагында жаңы имараттын пайдубалына капсула орнотулду.

Капсула 10 жылдан кийин — 2028-жылы ачылат. Салтанаттуу иш-чарага жогорку даражадагы коноктор президенттин аппаратынын кызматкерлери, чет элдик дипломаттар, Токмок шаарынын мэри жана окуу жайдын администрациясы менен студенттери катышты.