Токмок: Өрттүн кесепетинен үйсүз калган үй-бүлө (видео)

1227

Ызгаардуу суукта 5 баласы менен көчөдө калган жубайлар коомчулуктан жардам сурайт. Көп балалуу үй-бүлөдө өткөн аптада чоң кырсык болгон. Токмок шаарында төрт бөлмөлүү турак-жайы өрттөнүп, бир заматта күлгө айланган. Кошуналары алоолонуп күйүп жаткан үйдөн апасын араң куткарып калышкан. Ал эми жубайлар балдары менен Бишкекте болушкан. Азырынча бул үй-бүлө туугандарыныкында баш калкалап жатышат. Башка бара турган жери жок. Мындан тышкары, жубайлардын мойнунда жаңы эле алган бир миллион сомдон ашкан кредити бар. Турак-жай өрттөнгөндө үйүндөгү ири суммадагы акчасы дагы күйүп кеткен.