Токмок: оюн клубдарынын биринде көмүскө кумар оюндары уюштурулуп жүргөн

1356

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы Токмок шаарындагы оюн клубдарынын биринде көмүскө кумар оюндары уюштурулуп жүргөнүн аныктады. Маалыматтарга караганда, ал клубда жашыруун түрдө мыйзамсыз электрондук лотереялар ойнотулуп келген.

Атайын иликтөөнүн жүрүшүндө ал жайдын ээси кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилегени маалым болду.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин «кумар оюндарын уюштуруу же кумаркана ачуу, лотерея ойнотуу» беренесинин негизинде кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.