Токмок шаарындагы мечит өрттөнүп кетти

840

Бүгүнкүгө караган түнү Токмок шаарындагы мечит өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучуларга кырсык тууралуу төрөт үйүнүн медайымдары кабарлашкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жалын каптаган убакта мечит бек болгон. Кечки намаздан кийин анын ичинде бирөө-жарым калган эмес.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, от электр тогунан улам чыгышы мүмкүн экен.Токмоктуктар мечиттин күйүп кеткенин таңга маал багымдат намазына келгенде гана көрүшкөн. Бирок эң кызыгы өрттөн улам мечиттеги Каабанын сүрөтү, сүрөө жазылган килем күйбөй калган, дешет жергиликтүү жашоочулар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.