Токмокто аткезчилик күч алганын губернатор айтууда (видео)

648

Токмок шаарынын башкы милиционери контрабандалык топту калкалайбы? Өкмөттүн Чүй областындагы өкүлү Туйгуналы Абдраимов — жакында болгон атышууга катышкан контрабандалык топко тиешеси болушу мүмкүн деген адамдардын ысымдарын атады. Аткаминер аткезчилик менен алектенгендерден чек арачылардын чөнтөгүнө түшүп турган акчанын суммасынан бери айтты.

Бул ишке — Токмок шаардык кенешинин депутаттарынын да тиешеси бар дейт. Ал эми, жергиликтуу тургундардын айтымында, акыркы окуялардан кийин контрабанда менен май ташыгандар токтоду.