Токмокто атышкандардын экинчиси ооруканага жатты (видео)

648

Тартип сакчылардын Токмоктогу атышууну жашырганы аныкталса, катуу жазаланышат. Мындай убаданы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов берди. Чек ара пунктуна жакын жерде атышкандардын бири Аскат Усенов, бул окуяга айрым милиция жетекчилери катышкандыктан, ишти жабуу аракети болуп жатканын айткан.

Ал арада, Токмоктогу контрабандага байланыштуу чыр чатакка катышы бар делген депутаттардын саны көбөйө баштады. Учурда ал маалыматтардын чын-төгүнү текшерилип жатыптыр. Бул окуяны иликтөөнү ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алганы кабарланды.