Токмокто бир адам түтүнгө ууланып каза болду

703

Токмок шаарындагы “Трясинин” көчөсүндөгү эки кабаттуу турак үйдүн жана бастырманын жыгач устундуу шифер жабылган 400 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрттүн кесепетинен аял киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.