Токмокто дарыкананын тонолушуна шектелген адам кармалды

636

Токмокто дарыкананын тонолушуна шектелип 33 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык милициясынан билдиришти. Окуя 12-мартта катталып, белгисиз жаран 50 жаштагы адамга күч колдонуп, кассадан 25 миң сом алып кеткен.

2 жумадан кийин тартип сакчылар кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, Нарын областынын 33 жаштагы тургунун кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аталган факты кылмыштар жана жоруктар боюнча Бирдиктүү реестрге катталды. Учурда сотко чейинки иштер жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.