Токмокто добуш сатып алуу азыртадан эле башталдыбы? (видео)

4168

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого карата добуш сатып алуу азыртадан эле башталдыбы? Ош шаарында жогорку окуу жайлардын биринин студенттери факультеттин деканы жана кураторлор тарабынан аракеттер башталганын айтып чыгышты.

Мындан тышкары, акыркы күндөрү саясий өнөктүк өтө турган 3 шаарга катталган адамдардын саны кескин өсүүдө. Мындай учурлар Токмок, Ош жана Каракол шаарларында көп байкалууда.