Токмокто поезд кырсыктап, 58 жаштагы адам жабыркады

938

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматтар боюнча, 18 вагон чиркелген поезд Токмок айнек заводунан чыгып, катуу ылдамдыкта келе жатып, бурулган учурда темир жол бекетинде токтоп турган вагондорду сүзүп кулаган. Мунун натыйжасында, 7 вагон темир жол рельсинен чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан жабыркаган 58 жаштагы жергиликтүү тургун жаракат алып, Токмок шаардык ооруканасына жеткирилди.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, жеке компаниянын бригадасы эрежени бузуп, 25 вагондон турган локомотив башкаруусун жоготуп, темир жолдо токтоп турган вагонду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы үзгүлтүккө учурап, кыймыл кайра калыбына келтирилгени маалым болду.

Кыргыз темир жолу ишканасынан кабарлашкандай, темир жолчулар окуя болгон жерде оңдоо иштерин жүргүзүп, кырсыктын келип чыгуу себептери боюнча тиешелүү комиссия иликтөө баштады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.