Токмокто суу каптоо коркунучу күчөдү (видео)

685

Токмок шаарына киргизилген өзгөчө кырдаалдар режими алына элек. Анткени аймакта суунун деңгээли төмөндөбөй жатат. Учурда суунун нугун башка жакка буруп кетүү үчүн арыктарды тереңдетип казуу иштери жүрүүдө. Бул үчүн Чүй областындагы 8 райондун техникасы жардам катары алып келинди. Бирок шаардын чок ортосундагы ири дренаждык түйүндүн көпүрөсү жеке ишкерлерге сатылып кеткен. Ал жерде учурда май куюучу жай турат. Ал суунун нугун бөгөп калып, аймактагы 350 үй-бүлө кооптуу абалда жашап жатышат.