Токмокто убактылуу кармоочу жайдан үч шектүү качып кетти

742

Карактоо жана адам өлтүрүүгө шектелип кармалган үч шектүү Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан качып кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Назира Имангазиева “Азаттыкка” ырастады.

Анын айтымында, “Сирена” кармоо (план перехват) операциясы жарыяланып, облустук милиция өздүк курам издөө иштерин жүргүзүүдө.

Айрым маалымат каражаттары качкан шектүүлөр 17-18 жашта экенин жазып жатышат.