Токмоктогу атышуу боюнча милиция териштирүү иштерин баштады (видео)

1090

Токмоктогу чек ара өткөрмө пунктуна жакын жердеги атышуу боюнча милиция териштирүү иштерин баштады. Чүй областтык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуяда аты аталгандардын баары көрсөтмө берип жатышат. Ошондой эле, Чүй жана Токмоктун милиция кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топ иштей баштаганы маалым болду. Бул окуя тууралуу кабар интернетке тарап, айрым жагдайлар ачыкка чыгып кетпегенде жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак беле деген суроо туулат.

Анткени Ички иштер министрлиги атышуу тууралуу маалыматты четке кагып келген. Интернетке Токмоктогу атышууда жарадар болгон адамдын видеосу чыккандан кийин гана милиция кыймылдагансыды. Жабырлануучу аны “Чемпион” деген каймана аты бар кишинин көздөй адамы атканын айтууда.