Токмоктогу атышууга ЖК депутаты катышканбы? (видео)

606

Токмоктогу атышууга катышкандар ачыкка чыгып, бири-бирине каршы компроматтарды айта башташты. Алардын бири Аскат Ишенов өмүрү үчүн кооптонуп, Бишкекте жашырынып жүрсө, экинчиси Дастан Бейшенкулов түндө Токмок шаарындагы ооруканага жатып алды. Аскат Ишенов президенттен жардам сурап жана УКМКга кайрылса, Дастан Бейшенкулов милицияга арыз жазды. Учурда экөө эки жактан ар кандай маалыматтарды таратып, ишемби күнкү атышуунун чоо-жайларын ачыктай башташты.

Ал эми милиция төрт күндөн кийин гана окуяны расмий тастыктап, эми гана кылмыш ишин козгоду. Мунун себебин арыздануучу болгон жок деп түшүндүрүштү. Бирок 25-январга караган түнү Токмок жактагы чек ара пунктунун жанында аткезчилер мушташып, атышуу болгону элге эчак эле маалым болгон. Андыктан бүгүнкү күнгө чейин эмнеге жашырышты деген суроо туулат. Ал арада, контрабандачылардын бул жолку тирешинин артында Жогорку Кеңештин эки депутаты тураары айтылууда.