Токмоктогу мушташ депутаттын өлүмү менен аяктады (видео)

835

Чүй областынын Токмок шаарынын жергиликтүү кеңештин депутаты мушташта, бычакталып каза тапты. Чүй областтык Ишки иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 17-мартта саат түштөн кийинки үчтөр чамасында эркек кишинин сөөгү табылып, ал бычакталып, өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

Ошондой эле, аймактык ооруканага 30 жаштагы жаран да бычактан алган жаракаттары менен келип түшкөн. Көп өтпөй маркум дагы, жаракат алган адам дагы бир мушташка катышканы белгилүү болгон.