Токмоктогу жаңжал боюнча укуктук баа берилет (видео)

2492

Токмок шаардык электр энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Улан Мукаевдин сабалышын милиция иликтеп жатат. Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан көтөрүлдү. Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов Токмоктогу жаңжал боюнча укуктук баа бериле турганын билдирди.

Жабырлануучумун деген Улан Мукаев бир саясий бирикменин штабына карызын төлөбөй жүргөн үчүн электр жарыгын берүүнү токтоткондон кийин ур-токмокко кабылганын айтууда. Экинчи тарап болсо бул ызы чууга Жогорку Кеңештин депутатынын тиешеси бар деп жатышат.