Токмоктогу жапырт каттоо боюнча кылмыш иши козголду (видео)

486

Жапырт каттоого тургузуу боюнча жаңы фактылар аныкталууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын Чүй областынын 3 аймагындагы бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлери үй ээлеринин уруксатысыз, тийиштүү документи жок эле адамдарды каттаганы ачыкка чыкты.

Бул Токмок шаардык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болду. Алынган маалыматтар боюнча, бир эле дарекке 150дөн ашуун жаранды каттаган учурлар бар экен. Буга байланыштуу паспорттук столдун кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.