Токмокту суу капташы мүмкүн! Ким күнөөлүү? (видео)

1293

Соңку 15 жылдан бери Токмок шаарын суу каптап жатат! Жер алдындагы ашыкча сууну агызып кете турган дренаждык система жеке ишкерлердин айынан бузулуп, жараксыз болуп калган. Быйыл жер алдынан чыккан суунун деңгээли ого бетер көтөрүлдү. Бирок анын кесепеттерин жоюуга дренаж түйүнүн бузуп салган ишкерлер тоскоол болушууда. Мындан улам, Токмоктогу турак үйлөрдү суу каптап жатат. Шаарда жана ага жанаша жайгашкан айылдардагы жүздөгөн үйлөрдүн жертөлөсү белден сууга толгон. Жергиликтүү тургундар мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген аткаминерлердин жазага тартылышын жана дренаждык түйүндүн калыбына келтиришин талап кылышууда.