Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча 104 млн долларлык келишимге кол коюлат

1035

Токтогул суу электрстанциясын модернизациялоо боюнча 104 миллион долларлык келишимге кол коюлат. Маалыматтарга караганда, бул келишим Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасы менен Франция жана Швейцария компанияларынын ортосунда түзүлөт.

Анда «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу каралып, анын алкагында суу электрстанциясындагы 4 агрегат алмаштырылат. Алар ГЭСтин ишин жакшыртып, кубаттуулугун 240 МегаВаттка көтөрөт. Муну менен Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1440 МегаВаттка жетет.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСин модернизациялоо бир нече этапка бөлүнүп, жалпы чыгымы 450 миллион долларга бааланган.