Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 40 жылга узарат (видео)

834

«Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун 3 фазасы тең аяктаганда гидроэлектростанциянын иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштери менен таанышып жатып билдирди. Анда энергетика тармагы мамлекеттин ички дүң өндүрүмүнүн 7 пайызын камсыз кыларын жана да электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга көбөйсө, жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулай турганы белгиленди.

Учурда республиканын жылдык керектөөсү 12,5 миллиард киловатт саатты түзсө, бул муктаждык жыл сайын өсүп жатат, деди президент. Ошондой эле, кайра жаралуучу жашыл энергия булактары боюнча өлкөбүздүн дараметин жогорулатуу талап кылынары да айтылды.