Токтогулда дарыгерлер өлдү деп башын оюп алган ымыркай тирүү (видео)

823

Акушерлердин шалаакылыгынан жабыркаган ымыркай боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталды. 20 күн мурда Жалал-Абад областынын Токтогул райондук ооруканасында жарыкка келген наристенин башында жаракат бар экени аныкталган. Башта дарыгерлер ымыркай эненин ичинде өлүп калганын айтышып, аны атайын медициналык жабдык менен алып чыгуу аракетин көрүшкөн.

Бирок качан гана операция жолу менен баланы алып чыгып, денени жууп баштаганда, ымыркай тирүү экени белгилүү болгон. 1 аптага жакын баланын абалы оңолбой койгондуктан, ал Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна жеткирилип, дароо реанимацияга жаткырылган.