Төлө Исаков: “Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу” (видео)

1210

Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык жоготууларды алдын алуу боюнча республикалык штабдын иштеп жатканына эки жумадай болуп калды. Ал эми коронавирустун алдын алуу штабы январь айында эле түзүлгөн. Өкмөт мүчөлөрү Кыргызстан чек араларда санитардык көзөмөлдү өз убагында күчөтүп, профилактикалык иштерди катуу жүргүздүк деп ишендирип жатышат.

Бирок азыр бир гана аткаминер менен дарыгерлердин кыймыл аракетин тиктебей, ар бир адам жугуштуу илдеттен оолак болуунун жолдорун ойлонушу керек. Мисалы, зарылчылык болбосо эл көп чогулган жайларга барбай туруу эле оң. Той-топурларды токтото турсак, капчыкка эле пайдасы тийбестен, саламаттыгыбызга дагы коркунуч жаралбайт.