Төлөгөн Рахманберди уулу атышуу фактысы боюнча тосмо арыз жазды

1325

Эрежесиз мушташ боюнча дүйнө чемпиону Төлөгөн Рахманберди уулу мушкер Кылыч Саркарбаевдин ага карата ок атканын четке какты. Спортчу бул окуя кокустуктан болуп кеткенин айтууда. Бул тууралуу ал жергиликтүү каналдардын бирине интервью берген.

Төлөгөн Рахманберди уулу ага карата курал колдонду делген Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев менен көп жылдардан бери дос мамиле экенин билдирүүдө. Айтымында, ал күнү Саркарбаев экөө жолугуп, машинада отурганда алардын жанында отурган инилеринин бири тапанча таап алганын, аны карап берүүсүн өтүнгөн экен.

Төлөгөн Рахманберди уулу мурдагы милиция кызматкери катары тапанчаны колуна алып, бирок ал октолгондуктан, өзүн-өзү жарадар кылып алганын айтууда. Кандай болгон күндө да, Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев өзү бул тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин ал Төрөгөн Рахманберди уулун машина менен артынан кубалап барып, ок атканы маалымдалган. Бирок учурда ооруканада жаткан Төлөгөн Рахманберди уулу тосмо арыз жазганы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.