Төлөйкөн: талашка түшкөн кызмат (видео)

906

Ош областынын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда эмнеден улам тирешүү чыкты? Кечээ жакында интернетке видео тарап, анда аталган айыл өкмөтүнүн башчысы, ага келген аксакалдарга кыйкырып, урушуп жатканын көрүүгө болот. Айыл тургундары жерлердин мыйзамсыз сатылып кеткенин айтып, даттанууга келишкенин айтышууда. Бирок айыл өкмөт башчысы аларды уккусу келген эмес. Ошол эле убакта, видеодо кыйкырып жаткан жетекчи да өз чындыгын айтууда. Анын билдирүүсүнө караганда, видеодо мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелери эмес, айыл башчылыгына талапкерлерди тандоо боюнча сөз болуп жаткан. Көрсө бул кызмат талашка түшүп, эки тарап тирешип жатыптыр.