Томолой жетим бала баңги зат сатуучулардын курмандыгы болдубу? (видео)

4643

Балдар үйүнөн чыккан томолой жетим бала баңги затын сатуучулардын курмандыгы болдубу же милиция кызматкерлери курулай жалаа жаап жатабы? Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18 жаштагы Байэл Абдыраевдин иши боюнча кезектеги соттук отурум болду. Кылмышка шектүү онлайн режимде катышып, баңгизатын ташууга эч кандай байланышы жок экендигин айтты. Бул иште күмөн жараткан жагдайлар көп болууда, — дейт адвокаты.

Жактоочунун билдирүүсүндө, Ысык-Ата райондук милициясынын төрт кызматкери далили жок эле күнөөнү мойнуна алдырып, көрсөтмө жаздырып алышкан. Акыркы убакта балдар үйүнөн чыккан улан-кыздарды ар кандай кылмыш жасоого мажбурлаган учурлар көбөйүп жатканы айтылууда.