Томолой жетим калган жеткинчектер жардамга муктаж (видео)

14609

Томолой жетим калган 9, 12 жана 13 жаштагы жеткинчектер жардамга муктаж. Бир туугандардын атасы 4 жыл мурда өнөкөт бөйрөк оорусунан көз жумса, апасы жол кырсыгынан каза тапканына 2 жыл болуптур.

Балдар туугандарынын камкордугуна алынып, учурда таежесинин үйүндө күн кечиришүүдө. Алар да батирде жашап, үйдө бир эле киши иштегендиктен балдардын тамак-ашына, кийим-кечесине каражат жетпей келет. 3 бала бир уюлдук телефонду кезектешип колдонуп, онлайн окушат.